www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акчалууларды качырып жиберишет

Айдар Нуралиев 14-ноябрь 2019, 10:54

Саясат


Акчалууларды качырып жиберишет

Биздин өлкөдө укмуштай окуялар болгон жана боло берет. Акчалууларды качыруу боюнча алдыга эч кимди чыгарбайбыз, - деп жазып чыкты "Ачык сөз" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Бул адатты айрыкча экинчи төңкөрүштөн кийин колдоно башташты. Ошол эле Данияр Үсөновду, С. Балкыбековду, К. Исаевди, А. Ногоевди, Бакиевдин жанында жүргөндөрдү колунда чылбыры барлар шыбагасын алып туруп сыртка чыгарып жиберишкен. Азыр ошолор оокатын чет жерде жасоого мажбур.

Ал эми бир жыл мурда болсо өкмөттүн “ортон колдой” орун басары, депутат болуп кайкалап жүргөн кишини-Аскарбек Шадиевди “учма килемге” отургузуп Америкага жумшак узатып коюшту. Анын ченеми жок кыймылсыз мүлктөрү, банктагы акчалары күм-жам деле болгон жок, ишенимдүү колго тийди.

Узун кулактардын божомолуна таянсак анын бизнеси Америкада деле ийгиликтүү жүрүп жатыптыр. Көрсө акчаң болсо башка жерде деле эрке талтаң болууга шарт бар экен. Анча мынча майдараак “көз боёгучтар” дагын безип жүргөнү боюнча кеңири маалымат болбой жатканынын төркүнү маалым.

Кечээ эле 12 жылга кесилди деген Насирбек Алмаматовду да саманга түшкөн ийнедей издеп калышты. Чамасы дагы бир эпчилдер аны чек арадан чыгарып койсо керек деген кептер чыкты. Кыйын “оперлер” табалбай жатса анда шалтурук өлкө болгонубуз ачык эмеспи.

Айтор, капчыктуулардын эле заманы болуп баратканы кашкайып байкалып калды. Анткени менен коомчулуктун дүрбөөсү менен кыйла кишинин жүрөгү болк этти. Өзгөчө шылуун соттордун кан басымы өйдөлөп кеткенин бааамдоого анча акылдын зарылдыгы жок.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83