www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Студент курсташтарына ок чыгарды

Бакыт Молдалиев 14-ноябрь 2019, 11:13

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО - Студент курсташтарына ок чыгарды

Орусиянын Амур облусундагы колледждердин биринде студент  өзүнүн курсташтарына ок чыгарды. Натыйжада эки адам каза болуп, үч адам жаракат алды. Каза болгондордун бири  ок чыгарган студент. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу полицияга окуянын күбөсү кабарлаган. Полиция кызматкерлери окуу жайдын экинчи кабатына киргенде студент аларды да аткылаган. Андан кийин ал өзүн атып салган.

Айрым маалыматтарга караганда, ок чыгарган жигит 4-курстун студенти. Ал сабак учурунда дааратканага чыгып кетип, кайра мылтык көтөрүп келген. Башка маалыматтарга караганда, бул студент сабакка кечигип келгендиги үчүн, аны аудиториядан чыгарып жиберишкен. Кырсык аталган облустун убактысы боюнча эртең мененки саат 10:00 чамасында болгон. 

Полиция кылмыштын болушуна студент менен курсташтарынын ортосундагы уруш себеп болгондугун билдиришкен.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83