Айдар Нуралиев 14-ноябрь 2019, 11:45
Кылмыш жана кырсык Дүйнө жүзүндө Коом
Айэркен Саймаитини өлтүргөндөр 1 миллион 250 миң доллар карызы үчүн өлтүргөнбүз деп көрсөтмө беришкен. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, киллерлер Саймаитини өлтүрүү үчүн болгону миң доллар алышкан. Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган эки кыргыз жараны 2017 жана 2018-жылдары Түркиянын аймагына Сирия тараптан киришкен. Алар Сириянын жасалма документтерди пайдаланышкан. Ошондуктан түрк басылмалары кылмышка шектүүлөр Сириядагы согушка катышышы жана Идлибде согушкан “Аль Нусра” тобунун боевиктери болушу мүмкүн деп божомолдошууда.
Кармалган учурда алардын жанынан Сириянын жасалма күбөлүктөрү жана айдоочулук күбөлүктөрү табылган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!