www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расул Умбеталиев, электр энергиясы боюнча эксперт: “Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда электр энергиясы өчүрүлүүдө”

Айдар Нуралиев 14-ноябрь 2019, 11:49

Маек


Расул Умбеталиев, электр энергиясы боюнча эксперт: “Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда электр энергиясы өчүрүлүүдө”

– Кыш жакындап, суук түшө баштаганда Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө максатында лимит киргизилди. Кыргызстандагы жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрү электр кубатына киргизилген лимиттин сакталышын катуу көзөмөлгө алганы билинүүдө. Мунун кандай кесепеттери бар?

– 2019-жылы 16-октябрда өкмөт өзүнүн токтому менен лимит киргизди. Ар бир облус, аймактарга, шаарларга, айылдарга ар башкача лимит кирди. Лимит – бул түздөн-түз чектөө. Нанга, унга мындай жок да. Эмнеге дегенде, ун, наныбыз жетиштүү. Ал эми электр энергиясы жетишсиз болуп жатат. Биринчиден, өндүрүп жаткан электр энергиясы толук кандуу колдоно турган көлөмүнө жетишсиз. Өткөн жылкыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычында 2 млрд. көлөмдөгү сууга аз болуп жатат. Үчүнчүдөн, кыш мезгилинде жайкыга салыштырмалуу 3%га көбүрөөк колдонулат.

Подстанция, трансформаторлорга басым болуп, көп авариялар болууда. Улутутк «Энергохолдинг» менен башка компаниялардын жетекчилери «эч кандай өчүрүүлөр болбойт» деп жатат. Анда эмне үчүн чектөө киргизилүүдө? Чектөөдө электр энергиясы өчүрүлөт. Токтомдо так жазылган: ким лимиттен ашып кетсе, ал подстанциядан толук өчүрүлөт.

Мына, кыш мезгили келип, алыскы аймактарда кар жаап, 20-30 градус суук болууда. Ал жакка чектөө киргизгенге болбойт. Себеби, түздөн-түз ар бир жарандын өмүрүнө, жашоо мүмкүнчүлүгүнө таасир бериши мүмкүн. Ишканалар банкротко учурашы ыктымал. Күндө массалык маалымат каржаттарына маалымат чыгып жатат. Кайсы райондордо, аймактарда күнүгө өчүрүүлөр болуп атканы так көрсөтүлүүдө. Ош, Жалал-Абадда күнүнө 50-60 айылда, Көлдө, Таласта, Чүйдө, жалпы район, айылдарда, калаабыздагы жаңы конуштарда өчүрүлүүдө. Бул эмне дегенде, кайра эле улуттук «Энергохолдингдин» калп айтканы, элге маалымат бербегени айкын көрүнүүдө. Алардын убадалары аткарылбаган нерсе.

Өзүнүн элине калп айта берүү болбойт. Эки жыл ичинде премьер-министр «электр энергиясында өзгөрүүлөр болбойт, тарифти көтөрбөйбүз» деп айтып жүргөн. Кечээ болсо «тарифти көтөрүшүбүз мүмкүн» деп жатат. Энергия тармагы эң корруппцияга малынган тармак. Ал жердеги коррупция менен күрөшпөсө, канча пайызга электр энергиясын көтөрсө, ошончо пайызга уурдалып, тоноло берет. Тариф өзгөрткөндөн эч кандай жыйынтык болбойт. Негизи эле энерготармактын баарын карап чыгып, өз мүмкүнчүлүктөрүнө карап коррупцияга бөгөт коюп, кескин түрдө реформа кылып, өзгөртүү киргизип, электр энергияны көтөрбөй эле иш кылса болот. Тарифтен мурун коррупция менен жакшы күрөш зарыл болуп турат, - дейт Р.Умбеталиев "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак:NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83