www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиев Нарында ГЭС курулат дейт

Айдар Нуралиев 14-ноябрь 2019, 11:59

Саясат Коом


Абылгазиев Нарында ГЭС курулат дейт

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы  бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча премьер-минстр Мухаммеддкалый Абылгазиев  маалымат берди.

Мыйзам долбоорлору кайра карала турганын айткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы учурда мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлиги тыгыз кызматташып жатканынын белгиледи. Ал “Ушундай алакалардын негизинде өлкөдө коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык туруктуулук камсыз кылынды”, -деп кошумчалады.

Сунушталган долбоордо 2019-жылга карата өлкөнүн бюджеттик тутумунун киреше базасын өзгөртүү болжолунун өзгөрүшүн, өткөн 9 айдагы иш жүзүнө түшүүлөрдөн, жыл аягына чейинки кирешелердин түшүүлөрүн баалоонун  негизинде жүргүзүлгөн.  Ал эми, 2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алып, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 155 млрд 318 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 25,9 пайызында каралат. 2019-жылдын бектилген бюджетине салыштырмалуу республикалык бюджеттин номиналдык маанидеги кирешелери 2,3 пайызга же 3 млрд 556 млн сомго көбөйөт.

Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан 165 млрд 264 млн сом деңгээлинде белгиленген, бул 2019-жылдын бекитилген бюджетинен 3  млрд 350 сомго көп, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 137 млрд 490 сом, бул 2019-жылдын бектилген бюджетинен 6 млрд 612 млн сомго көп.

Атайын эсептин каржаттары - 13 млрд 303 млн сом, бул 2019-жылдын бектилген бюджетинен 3 млрд 930 млн сомго көп. Мамлекеттик инвестициялардын каражаттары - 14 млрд 470 млн сом.

Мындан сырткары, республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 945 млн сомду түзөт. Каржы тартыштыгын жабууга  9 млрд 945 млн сом көлөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 5 млрд 190 млн сом өлчөмүндө оң  сальдо, тышкы булактар боюнча 4 млрд 755 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Премьер-министр   сөзүнүнү жыйынтыгында, маданият тармагын колдоого алуу керектигин жана Нарында ГЭС курулаарын, аны менен катар   логистикалык соода борбору  курула турганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83