www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коом премьердинби же премьер коомдун башын айлантып бүттүбү?

Аман Аскаров 14-ноябрь 2019, 13:31

Турмуш Коом Саясат


Коом премьердинби же премьер коомдун башын айлантып бүттүбү?

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке ишкер Нарында ГЭС курат деп сүйүндүрдү. Тимеле төшүн каккылагандай эле болду.

Бирок, бул жерден бир суроо туулат. Жеке ишкер ГЭС курганга чамасы жетсе, мамлекеттин өзүнүн чамасы жетпейби? Жетпесе анда ушунча сандаган самсаалап жүргөн өкмөт мүчөлөрүнүн эмне кереги бар бизге? Анан калса Кыргызстандын тарыхында бул алгачкы ирет эмес экен. Айрым маалыматтар боюнча Ысык-Көлдүн Тоң районуна убагында жеке ишкер эки чакан ГЭС куруптур. Курулуш бүткөндөн кийин аны өкмөт албай коюп, жеке ишкер чоң чыгашага учурагандыгы айтылып жүрөт.

Анан баягы эле тышкы карыз маселеси. Премьер бүгүнкү жыйында Ат-Башыда эл аралык стандартка ылайык соода-логистикалык борборунун курулушун баштоого капсула салынарын айтты. Аны курууга Кытайдан 280 миллион АКШ доллары алыныптыр. Биринчиден, Кытайдан карыз албагыла деген сайын күчөгөн өкмөткө бали! Экинчиден, логистикалык борбордун курулушуна ушунча каражат коройбу өзү?

Өткөндө Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция ачыкка чыкканда, айрым эксперттер 280 миллион долларга жаңы ТЭЦ куруп салса болот деп жүрүштү эле. Бүдөмүк...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83