www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарба тармагы - өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ

Айдар Нуралиев 15-ноябрь 2019, 11:28

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарба тармагы - өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүн жумуш менен камсыз кылып,  жашоо деңгээлин жогорулатып, экономикабызга олуттуу салым кошуп жаткан айыл чарба тармагы — өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Эзелтен эле баба дыйкандарыбыз жана мыкты малчыларыбыз  коомубузда барктуу орунду ээлеп келишкен.

Кыргыз эли кылымдар бою табигый таза продукцияларды өндүрүп келген тажрыйбаны улантып, жакынкы жылдары жаңы технологияларды колдонуу менен экологиялык таза продукцияларды арбын өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айлануу максатын койдук.

Ал үчүн майда чарбаларды бириктирүү, ири кооперативдерди түзүү, ирригациялык системаларды куруу, сугат жерлерди көбөйтүү милдети турат.

Тармакты башкаруу жана санариптештирүү системаларын өркүндөтүү керек.

Мамлекет кайра иштетүү ишканаларын курууга, жаңы  долбоорлорду колдоого өзгөчө көңүл бурууда. Каржы ресурстарынын басымдуу бөлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталууда.

Сиздер менен чогуу жасаган аракеттердин натыйжасы менен элет жерин өнүктүрүү багытында жакшы көрсөткүчтөр камсыз кылынды.

Сиздерге терең ыраазылык билдирем!

Мындан ары дагы жаңы жеңиштерди жаратасыңар деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, ийгиликтерди каалайм!»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83