www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

А сиз билесизби? Белгилүүлөрдүн белгисиз тагдыры...

Айдар Нуралиев 16-ноябрь 2019, 11:52

Турмуш Адабият Спорт Дүйнө жүзүндө Коом Маданият


А сиз билесизби? Белгилүүлөрдүн белгисиз тагдыры...

Стив Жобс, Аpple компаниясынын негиздөөчүсү Тарыхый жеңилүүсү: Дүйөнөгө белгилүү бизнесмен Стив Жобс Стэнфорд университетинен айдалган. Мындан тышкары өзүнө тиешелүү компанияда жумушунан айдалган.  Ийгилигинин тарыхы: Айдалгандан соң башка компания ачкан. Ал NeXT Inc деп аталган. Кийинчерээк аны 429 миллион долларга сатып, Аpple компаниясын башкаруу укугун кайра сатып ала алган.  Билл Гейтс, Microsoftтун негиздөөчүсү: Тарыхый жеңилүүсү: Гарварддагы окуусун таштап салган. Анын алгачкы ачкан ишкерлиги Traf – O – Data ийгиликсиз болгон. Ийгилик тарыхы: Кийин Microsoft компаниясын түптөп миллиардер болгон. Альберт Эйнштейн, физик Тарыхый жеңилүүсү: Атактуу физик 4 жашына чейин сүйлөй алган эмес.

Мугалимдери аны акыл-эси кем деп эсептешчү.  Ийгилик тарыхы: Салыштырмалуулук теориясын иштеп чыгып, нобель сыйлыгына ээ болгон.  Томас Эдисон, ойлоп тапкыч Тарыхтагы жеңилүүсү: Лампочканы ойлоп табуу боюнча миңден ашык ийгиликсиз аракеттерди жасаган. Ийгилик тарыхы: Кийин лампочканы биринчилерден болуп өзүнө патенттеген. Электр эсептегичин, фонографты ойлоп тапкан. Дүйнө жүзү боюнча 4 миңге чукул ачылыштардын патентинин ээси болуп саналат.  Майкл Джордан, баскетболчу Тарыхтагы жеңилүүсү: Мектептеги баскетбол командасынан куулган. Тарыхтагы ийгилиги: Кийин дүйнө жүзүнө таанылган белгилүү баскетбол жылдызы болууга жетишкен. Стивен Спилберг, режиссер Тарыхтагы жеңилүүсү: Түштүк Калифорния Университетине 3 ирет тапшырып, 3 ирет тең өтпөй калган.  Тарыхтагы ийгилиги: Ал тарткан тасмалар жалаң хит болуп, учурдун мыкты режиссёру экендигин далилдей алды. Ага тиешелүү «Список Шиндлера», «Челюсти», «Парк юрского периода» ж.б тасмалар бар. 

Опра Уинфри, телеалыпбаруучу Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Кедей үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Өспүрм кезинде жалгыз бой эне болгон.  Ийгилик тарыхы: Учурда дүйнө жүзү боюнча эң белгилүү шоунун алып баруучусу жана мурдагы кедей жашоосу эми артта калган.  Джоан Роулинг, жазуучу Тарыхтагы жеңилүүсү: Жазуучу жалгыз бой эне болуу менен бирге кезинде 12 басма үйү андан баш тартышкан.  Тарыхый ийгилиги: Горри Поттер жөнүндөгү окуялар камтылган китептердин бир нече томун жазып, китепти дүйнөлүк бестселлерге айланта алган. Ал эми Гарри Поттер бренди бүгүнкү күндө 13 млрд доллардан ашык бааланат. 

Уолт Дисней, сүрөтчү-мультипликатор Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Гезиттердин биринен фантазиясынын жоктугунан улам жумуштан айдалган. Анын биричи ачкан фирмасы банкротко учураган.  Тарыхтагы ийгиликтери: Көпчүлүккө белгилүү каарман Микки Маусту ойлоп тапкан. Мындан тышкары The Walt Disney Company компаниясын негиздеген. Жалпы жонунан 32 Оскар сыйлыгынын ээси.  Мэрилин Монро, актриса Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Ал каттап жүргөн моделдик агенттикте ага модель болуунун ордуна катчылык кызматты сунушташкан.  Ийгилик тарыхы: Убакыт өткөндөн кийин белиглүү актрисага айлана алган. Мындан тышкары дүйнөдөгү  сексуалдуу айым деп табылган. Бул тууралуу "Де-Факто" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83