www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Алтын Булат 16-ноябрь 2019, 16:12

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Россия Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, 2020-жылдагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте өтө турчу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сессиясынын алкагында иш чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинден куттуктоо телеграммасын алган.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83