Алтын Булат 16-ноябрь 2019, 16:13
Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.
Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусунун абалын жана келечегин талкуулашты.
Кыргыз-өзбек достук, жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу мамилелеринин оң динамикасы өзгөчө белгиленди.
Буга чейин Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевден Президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине туулган күнү менен куттуктоо телеграммасы келип түшкөн
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!