Темирлан Келдибеков 18-ноябрь 2019, 17:07
Эртең Бишкекте футболдук беттешке карата айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, эртең Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командалары беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до башталат. Кечки саат 17:00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Буга чейин дагы Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан утулуп калды. Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө жана экинчи бөлүктүн 53-мүнөтүндө атаандаштар дарбазага топту киргизишип, эсеп 2:0 болду.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!