www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Советбек Урманбетов, белгилүү обончу: «Мажүрүм талды» 20 мүнөттө жазгам”

Айдар Нуралиев 20-ноябрь 2019, 15:46

Адабият Маек Маданият


Советбек Урманбетов, белгилүү обончу: «Мажүрүм талды» 20 мүнөттө жазгам”

«Мажүрүм тал жапжаш элең» же «Сабакка баруучу жолуңан тосоюн” деп баарыбызды ырдатып, сыздатып келген обончу Советбек Урманбетов учурда Бишкекте өзүнүн «Фольксфаген-пассаты” менен эл ташып, такси кызматын көрсөтөт экен. Биз ал кишиге жолугуп, маек курдук, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити.

—Советбек байке, “Мажүрүм талды” көпчүлүк билген менен, сиздин таржымалды билгендер аз. Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи.

—Мен Жети-Өгүздүн Саруу деген айылында 1951-жылы төрөлгөм. Балалыгым ошол жерде өткөн. Орто мектепти аяктаган соң Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшыргам. Окууну аяктарым менен атайын жолдомо боюнча Тоң районуна жиберишти. Ошол жакта жашадым. Жаштыгым Тоңдо өттү. Өмүр бою райондук маданият үйүнүн директору болуп эмгектендим. Башка жактарга чакырган менен барган жокмун. Элге жагып калыпмын, эл мага жакты. Ошол жерде эки уул, бир кыздуу болдук. Чыгармачыл адамдардын көбүнүн кыялы чатагырак болот эмеспи. Ар биринин тилин таап иштештим. Манасчы Каба Атабек уулу, Юрий Бобков сыяктуу чорт кыял таланттарды кепке көндүрүп, алдап-соолап иштештим (күлүп).2000-жылы Бишкекке кеттим. Балдар студент болуп калды. Ошол кезде кыйын заман болбодубу. Менчик фирмада соода сатыкта иштедим. Бул жактан да маданиятка байланышкан бир катар жумуштарга чакырышты, айлыгын карасам, 5 миң сом. Барган жокмун, балдарды багыш керек эле. Анан кийин үйдө олтура бербей, такси кызматын көрсөтүп, иштей баштадым. Азыр кээде машинам менен чыгып, эл ташыйм. Өмүрүмдө бирөөнүн көзүн карап иштегенди жаман көрөм. Бул жумушта эркинсиң да. Кеч келдиң, эрте кеттиң деген киши жок. Азырак акча-тыйын таап алам.

—Азыр обон жазасызбы?

—Ооба. Кийин чыгарган он чакты обонум бар. Бирок, музыкалаштырып жаздыра элекмин. Жалпысынан кырктай обондун авторумун. Кээси обон чыгара коюп эле жаздырганга шашат го. Мен улам-улам иштей берем. Эки жылдан бери иштеп жүргөн ырлар бар. Китептерин берген акындар  көп эле. Бирок, анын баарына эле обон жаза бербейсиң да. А обон жаралчу текст өзү эле жаздырат. Өзүмдү кыйнап обон жазган эмесмин. Азыр 10 обон даяр турат. Музыкалаштырып жаздырганга каражат керек, эч кимге деле кайрылган жокмун.

Авторлор өзү аракет кылган жокпу?

—Алар мен обон жазганымды билбейт, айткан эмесмин да. Жаздыргандан кийин айтсам деп коём. Алардын арасында Алыкул Осмоновдун “Айга” деген ырына жазылган обон да бар. Көл тууралуу бир катар ырлар бар.

«Мажүрүм талды» кандай жазып калдыңыз эле?

—Тоңдо иштеп жүргөн учурда, Мээркан Токсобаева деген акын бир күнү текстти көтөрүп келип калыптыр, төрт эле куплет. Ал кезде адабий ийримге катышчу. Менин обонумда эки куплет дароо кетип, анан кайырма ырдалат да. Төрт куплет болуп калды, бул аз, дагы кош деп бир жыл жүрдүм. Бир жылда араң жазып берди. Аны эң алгач өзүм ырдадым. Анан Бишкекке келип, жаздырдым. Ошентип, ыр көпчүлүккө жагып кетти.

—Обон канча убакытта чыкты?

—Текстти көрүп эле жактырдым, алып үйгө келдим. Ашып кетсе, 20 мүнөттүн ичинде чыккан. Жолдошум үйдө экен. Ырдап берсем, “Бул кайсы ыр?” дейт. Жаңы чыгардым десем, ишенбейт. Ушундай. «Кайрылуу», «Жолуңан тосоюн», «Таанышуу вальсы», «Ленин тирүү биз менен» деген ырлар да бат эле жазылды. Ушул «Ленин тирүү биз менен» деген ыр менен республикалык конкурста биринчи орунду алып, 100 сом акчалай сыйлык алгам. Ал кезде акчалай сыйлык деген жок эле да. Анда обондорду артыңан кууп жүрүп музыкалаштырып жаздырышчу. Барбай койсоң, райкомго чейин телеграмма жиберүшчү. “Мажүрүм талды” дагы артыман кууп жүрүп жаздырышкан. Ал кезде өнөктүк учурунда малчыларды кыдырчубуз. Анан ар түрдүү иш-чаралар көп, колуң бошобойт, жан тынбайт. Азыр болсо ырдаганды токтоттук, үн баягы эмес. 4-5 ырым Кыргыз радиосунун алтын казынасында жүрөт.

—Обон жазганда, кайрыкты дароо нотага түшүрөсүзбү?

—Жок, обонду толук чыгарып бүткөндө бир жолу нотага түшүрөм. Негизи ырдын эки сабы эле козгойт да, сезимди. Кайрык ошол эки сапка келет. Анан калган саптарга жазасың. Азыр карап олтурсаң, теледен да, радиодон да болбогон ырларды берет. Ошолор анан элдин табитин бузат да. Салмагы жок ырларды улам-улам коё беришет. Бир күндө жакшырак 3 ыр араң угасың. Ушуну көркөм кеңеш түзүп, ылгап турса, жеңил ырлар жазылмак эмес. Машина айдап жүрүп, радио угам, кээде чыдабай өчүрүп саласың.

Бир жолу кар жаап аткан, анан эле Рыспайдын «Сагынуусун» берип калды. Мен ошол ыр менен институтка өткөм да. Кайра-кайра ырдатышкан эле. Эргип кетипмин, маңдайымда “Мерс” турганын билбей калыпмын.

—Сиз аккордеон чертет эмессизби, биринчи жолу качан колуңузга алдыңыз эле?

—Аккордеонду мектепте 9-класста окуп жүргөндө атам туулган күнүмө сатып берген. Мен ырга абдан ышкыбоз элем. Мектепте ар түрдүү салтанаттарда ырдап жүрчүмүн. Анда атам башкарма, акча көп да. Эркек балдардан үй-бүлөнүн улуусу болсом, 420 сомго сатып берди. Ал кезде чоң акча эле. Азыр ойлосом, андай аккордеон Жети-Өгүздүн маданият үйүндө жок экен. Маданият кызматкерлери концерт коёрдо жанына мени алып алышат. Көрсө, аккордеонума эле кызыгып мени алып алышчу экен. Ошентип, алар менен көнүп кеттим. Бээрман Бокоев деген комуз менен кыйын ырдаган киши бар эле. Убагында Жапар Чабалдаев, Эстебес Турсуналиев менен чогуу жүргөн киши экен. Ошол адам “Сенин ордуң ушул жакта” деп, искусство институтуна алып барган. Болбосо мен айыл чарба институтунда окучумун. Биринчи курстан кийин аны таштап салдым. Атама айткан эмесмин. Ал кийин угуп, «Биздин тукумда артист жок эле» деп аябай урушту. Бир топко чейин нааразы болуп жүрүп, кийин ыраазы болду.

Азыр атам 97 жашта. Мурда кез-кез ыр жазып жүрчү, убактысы болбосо керек. Кийин 5-6 китеп жазды. Ата-энем экөө тең жакшы ырдашчу. 6 бир туугандан кичүү карындашым экөөбүз өнөр тармагына кеттик. Болбосо, өзүм чарбага да жакын болчумун. Андыктан, атам мени ошол тармакка кетсин десе керек. Бардык ишти эле  мен жасачумун. Атам аябай катуу болгон менен, мага колу тийген жок. Инимди көп сабады.  Бир жолу анын запорожецин айдап, караңгыда келе жатып, эшекти сүзүп алып, аябай сарсанаа болгом. Бирок, атам ошондо да колу тийген жок. Апам болсо математика мугалими болчу. Мен мектепте жакшы окуп, комсомолго да эрте өттүм. Маданият сексиясын башкардым.  

Советтер союзунун таркашын ар ким ар кандай кабыл албадыбы. Кай бир чыгармачыл адамдар, башкалар деле нес болушту да. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

—Мен деле кызык болдум. Ошол маалда балдар окууну аяктаган. Кантип жан сактайбыз деп, чыгармачылыкты таштадык. 1996-жылы эле кеттим, чыгармачылыктан. Себеби, 3-4 айлап айлык албай калдык. Ошентип, менчик фирмада соода-сатык менен иштедим.  

Чынында, советтер союзунун убагында элдин пейли кең болчу, азыр көбү ачкөз. Азыр бир тууган бир тууганга, ал тургай атасы баласына, баласы атасына карабай калды. Мурда биримдик бар болчу. Кой сойсоң, чогулуп жечүсүң, азыр төө сойсоң да өзүң жейсиң. Ошол кез кайра кайтса, чыгармачылыкка көбүрөөк көңүл бөлмөкмүн. Жаштыкта көп убакытты куру бекер өткөрүп ийиппиз. Замандын минтип кетерин деле ойлобопбуз. Ошентсе да, ушуга каниет кылам, он беш неберем бар, кийин эле эмгегимди баалап, Ошто Рыспайдын 70 жылдыгында “Маданияттын мыктысы” наамын алдым.

—Сизге азыркы ырчылардан ким жагат?

—Азыркылардын көбү жакпайт. Жеңил ырларды ырдашат. Жаштардан Гүлжигит Калыков, Замир Арыкбаев жакшы ырдайт. Кенже Көбөкова «Жолуңан тосоюнду» ырдап жүрөт, жагат. Гүлбүбү Ороскул кызы «Мажүрүм талды» жакшы ырдаган, ыраматылык. А кээси ырларды бузуп салып атпайбы. Ошентип ырдагыча ырдабай эле койсо.

Азыр сиз курдуу таланттуу обончулардын көзү тирүү, Кудайга шүгүр. Анан алардын башын кошуп өткөргөн иш-чаралар болдубу?

—Аракет кылган киши деле жок. Алардын көбү өзү менен өзү болуп атат. Айтып эле жүрөбүз, уюштуруп койсо кана. Эски обончуларды эстеген деле киши жок. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты”.  Көп эле таланттар унутта калды. Турмушта ар кандай болот экен. Кээси чымырканып жүрөт. Буга деле өзүнчө күч, эрк керек эмеспи. Ал ар кимдин мүнөзүнө жараша.

Сиздин мүнөзүңүз кандай?

—Мен деле ошомун. Чуркабайм. Өзүм андайды жактырбайм. Чакырган жерге барам. Ошол обончулар Намаз Уралиев, Камчыбек Букалаев, Жекшен Тагаев, Өмүрбек Рахманов, Кыдык Усупбаев, Догдурбай Урманбетов,Сталбек Бактыгулов, Маматибраим Брстонкулов жана башкалар чогулуп чай ичебиз. Маектешебиз, ырдап, бук жазабыз, ар нерсени талкуулайбыз.

Эл ташып жүргөндө, сизди тааныгандар кезигеби?

—Ооба. Мурда көбүрөөк кезигишчү. «Сиз Советбек абасызбы?» деп сурашчу. Кетип атып, “сизге ыраазыбыз” дешет, телефон сурап, кээси “сыйлайт элек, чай ичели” дешет. Азыр эми көбү тааныбайт.

Чыгармачылык деген нерсе калбайт экен, карындашым, бир күнү сөзсүз козголот. Мен азыр деле кээде таң аткыча иштейм. Эч ким сенден “иштеп атасыңбы?” деп сурабаса да иштегиң келет.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83