Кызгалдак Жакыпова 21-ноябрь 2019, 09:08
Бишкекте жеңил унаа эки өспүрүмдү сүзүп кетти. Кырсык болгондон кийин күбө муну видеого тартып, Инстаграмм социалдык тармагына киргизген.
Маалымат боюнча, кырсык 20-ноябрда саат 18:40 чамасында Шота Руставели менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришинче, Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа 13 жана 14 жаштагы мектеп окуучуларын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден коюп кеткен. Жабырлануучуларды “Тез жардам” кызматы шаардык балдар ооруканасына жеткизген.
Чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлду. Тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!