www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык журналисттердин бет тырмоочулук cаясатына элчилик дагы чыдабай калды

Аман Аскаров 21-ноябрь 2019, 09:37

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом Саясат


Россиялык журналисттердин бет тырмоочулук cаясатына элчилик дагы чыдабай калды

Санкт-Петербург шаарынынын метролорунун биринде 2017-жылдын 3-апрелинде теракт болгон. Ал жардыруудан жалпы жонунан 103 адам жабыркап, 16 жаран каза болгон. Жардырууну жанкечти-террорчу Акбаржон Жалилов аттуу адам ишке ашырган.

Алгач ал террорчуну россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын жараны деп маалымдашкан. Ошондон улам Кыргызстандын чет өлкөдөгү имиджине, кадыр-баркына бир топ эле залакасы тийген. Россиядагы далай эмгек мигранттары федералдык миграциялык кызматы тарабынан жапырт кармалып, текшериле баштаган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жанкечти-террорчу Орусиянын эле жараны болуп чыккан. Андан сырткары, бул иш боюнча дагы 11 адам кармалган болчу. Анын уюштуруучусу болгон Кыргызстандын жаранына өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгышы мүмкүн деген маалымат россиялык ЖМКда таратылган.

Мындан улам Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ал адам кыргыз жараны эмес экендиги кабарлап, мындан ары ЖМКлар террористтердин жарандыгын маалымдоодон мурун так аныктап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды алдын ала жайылтпоону талап кылды.  

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83