Темирлан Келдибеков 21-ноябрь 2019, 12:34
«Ислам жана Православиенин тыгыз кызматташтыгы — ЕврАзЭСтин алкагында биздин жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.
Мамлекет башчысы ЕврАзЭСтин алкагында элдерибиздин диний, маданий, социалдык өзгөчөлүктөрүн сыйлоо менен кабыл алынарын белгиледи.
«Евразиялык мейкиндик — жалпы тарыхка ээ болуу менен өз ара аракеттенүүнүн, жанаша жашоонун орду болуп калат. Бардык коңшу мамлекеттер менен да дин багытындагы кызматташтык күчөтүлөт. Биз ханафий масхабынын жана православиенин тарыхий жана маданий ролун, коомдун келечеги үчүн өзгөчө жоопкерчилигин эске алып, алардын мамлекет менен иш-арекеттенүүдөгү өзгөчө статусу жөнүндө ойлонгонубуз зарыл. Мындай практика көп өлкөлөрдө бар», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!