www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ министринин орун басары Кыргызстанда уюшкан кылмыш тобу жок дейт. Өзү буга ишенет бекен?

Кызгалдак Жакыпова 21-ноябрь 2019, 14:32

Кылмыш жана кырсык


ИИМ министринин орун басары Кыргызстанда уюшкан кылмыш тобу жок дейт. Өзү буга ишенет бекен?

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок. Бул тууралуу басма сөз жыйында ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. 

Анын айтымында,  ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери менен мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзүп турат. Мурда соттолгондордун да эсеби бар. 

“Бизде сөз эркиндиги бар, силер ким өзүн кримдүйнөсүнүн өкүлүмүн деп эсептесе, ошол адамдан интервью алсаңыздар болот. Бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун эсебин жүргүзүп турат. Бул сандар ички колдонуу үчүн гана. Бул маалыматтар биздин жарандардын укуктарын эч кандай бузбайт”, -дейт Мирлан Каниметов. 

Журналистер ИИМдин орун басарынан уюшкан кылмыштуу топтор барбы же жокпу деген суроосуна расмий түрдө сот тарабынан таанылган уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жок деп жооп берди. Журналисттер Мирлан Каниметовдон тагыраак жооп алганга аракет кылышты, бирок ал басма сөз жыйынынан чыгып кетүүгө шашкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83