Кызгалдак Жакыпова 21-ноябрь 2019, 15:29
Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде баңгизатты көмүскө түрүндө илген адамдардын ким экендиктери маалым болду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, 20-ноябрда Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде илинип турган баннерди ИИМдин Баңгизатын жүгүртүгө каршы күрөшүү кызматы менен мэриянын өкүлдөрү алып салышкан. Себеби, ал илинип турган баннерде көмүскө түрүндө баңгизат сатуу тууралуу жарнама бар болгон.
"Баннерге QR-код менен сайттын дареги жазылган. Ага кирген адам баңгизаттын жарнамасын жана баасын көрө алмак", -деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, ИИМдин Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жарнама берүүчүнү аныктоо боюнча текшерүү иштерин баштады.
Маалымат боюнча ушундай эле баннерлер Казакстанда дагы байкалган.
Мэриядан билдиришкендей, жарнама тактасы 2022-жылга чейин жеке компанияга ижарага берилген. Ал компания өз кезегинде башка жарнама агенттигине кыска мөөнөткө ижарага берилгенин маалымдашкан.
Ал эми аталган агенттиктин кызматкери жарнаманы жаш жигит илдиргенин билдирди.
"Ал жигит мага орусиялык номер менен телефон чалып, университеттин жанына жакын жайгашкан аймактан билборд керектигин айтты. Ал баннерге илине турган QR-код менен текстин кошо жөнөткөн", -деди кызматкер.
Ал ошондой эле агенттик жарнаманын мазмунун катуу текшербей турушканын, буюртма берген киши акчасын агенттиктин эсебине которгонун кошумчалады. Агенттиктеги маалыматтын бардыгын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алып кеткен.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!