www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжолтойдун ырына клип тартылат

Айдар Нуралиев 21-ноябрь 2019, 15:54

Кылмыш жана кырсык Маданият


Акжолтойдун ырына клип тартылат

Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын, ырчы Акжолтой Канатбек уулунун чыкпай калган «Бегимай» аттуу ырына клип тартылмакчы, - деп жазып чыкты "АЗИЯnews" гезити.

«Акжолтой менен жаңы иштешип, ага продюсерлик кылып, «Бегимай» деген ырды жаздырып берген элем. Жакында ал ырга клип тарттырып чыгарабыз деген планыбыз бар болчу. Тилекке каршы, максаттарыбыз ишке ашпай, Акжолтой кырсыктан каза болду.

Учурда анын атынан «хайп» жараткысы келгендер пайда болуп, бүтө элек форматтагы ырын YouTube каналына чыгарып жатышат. Мындан ары аларга чара көрүлөт. Ал эми «Бегимайга» Акжолтойдун элесине арнап жакында клип тарттырабыз. Андан башка да жаздырабыз деген эки ырыбыз бар эле. Буюрса, эки ырын да таштап койбой, өзүм ырдап чыгам», -дейт Курал Чокоев.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83