www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

75 жаштагы пенсионерди өз үйүнөн сабап, зордуктап кеткен

Кызгалдак Жакыпова 21-ноябрь 2019, 18:04

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


75 жаштагы пенсионерди өз үйүнөн сабап, зордуктап кеткен

2018-жылдын 30-сентябрында Казакстандын Акмола облусунда 75 жаштагы пенсионер аялды сабап, андан соң зордуктап кетишкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, буга чейин киши өлтүргөнү үчүн абакта отуруп чыккан 32 жаштагы Марат Дюсеев таңкы саат төрттөрдө карыган адамдын үйүнө кирип аны сабап, зордуктап, үйүн тоноп кеткен. 

Аталган факт боюнча эртең, 22-ноябрда Акмола облусунун Целиноград райондук соту кылмышкерге өкүм чыгарат. 
Жабырлануучунун жактоочусу прокурор айыпталуучуга 4 жылга гана эркинен ажыратууну суранып жатканын билдирди. 

“Карыган апа 75 жашта, бир жылдан ашык аны тергөө иштерине жана сотторго сүйрөп жүрүшөт. Ушундай жашта мындайды башынан өткөрүү бул коркунучтуу. Ал карыган аялды катуу сабап, төшүн бурап кыйнаган. Ал кемпирди бир сааттан ашык кордогон. Кылмышкер мурун спортчу болгон, каратэ менен машыккан. Эгер ал бирөөгө айтса өлтүрүп салам деп кемпирди коркутуп кеткен. Карыган кемпир ордунан жыла да алган эмес.  Эртең менен саат беште өзүнө келип бир тууганына чалган, ал ошол замат полиция чакырган. Полиция аны үйүндө оор абалда тапкан. Денесинин баары көгөрүп, соо жери калган эмес. Жабырлануучу ооруканага жеткизилген. Азыркы учурда пенсионер көп эсин жоготуп жыгылып калып жатат. Сол көзүнө да доо кеткен. 
Бирок, эксперттер ден соолугуна жеңил зыян келтирилген деген корутунду чыгарган. Ошондон улам прокурор айыпталуучуга 4 жыл гана эркинен ажыратууну суранып жатат. “Каракчылык” беренеси боюнча 3 жылдан 7 жылга чейин, мурунку мыйзам боюнча  “Зордуктоо” беренеси 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал түрмөдөн кийин оңолгон эмес. Пенсионердин үйүнө кирип, аны аёосуз сабап, зордуктаганы үчүн прокурор 4 жыл гана эркинен ажыратууну сурап жатат”, -дейт жабырлануучунун жактоочусу Диана Смаилова. 

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Дюсекеев буга чейин 8 жылга эркинен ажыратылган. 
Жактоочусу пенсионер бүт ММКларга чыгып айтып берүүгө даяр экенин жана ал нерседен уялбарын айтты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83