www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити муфтий менен да тааныш болуп чыкты

Кызгалдак Жакыпова 22-ноябрь 2019, 09:57

Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити муфтий менен да тааныш болуп чыкты

Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев менен да тааныш экени маалым болду. Алардын бирге түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. 

Токтомушев менен Саймаитинин чогуу түшкөн сүрөтүнө караганда, ал ажылык убагында тартылган. 

Кыргызстандын мусулмандардын башкармалыгынын басма сөз кызматы бул сүрөт 2-3 жыл мурун Бириккен Араб Эмиратында умра (кичи ажылык) убагында тартылганын билдирди. Айтымында, муфтий Максат ажы Токтомушев мусулман Айеркен Саймаити менен ошол жерден таанышып, ага батасын берген. 

Эске салсак, 10-ноябрда Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүп кетишкен. Саймаитинин өлүмүнө шектүү делип 4 киши кармалган. Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн бул адам менен Кыргызстандагы белгилүү адамдар тааныш экени чекесинен ачыкка чыгууда.

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83