www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - "Назар" тонолду. Кылмышкерди тааныгандар кайрылгыла

Аман Аскаров 22-ноябрь 2019, 15:22

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


ВИДЕО - "Назар" тонолду. Кылмышкерди тааныгандар кайрылгыла

20-ноябрь, шаршемби күнү Бишкек шаарынын Жибек Жолу - Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Назар” дүкөнүнүн кассасынан 10 миң сомдон ашуун акча уурдалган. Дүкөндүн сатуучусу видеосун “NazarNews.kg” сайтына жөнөтүп, жардам сурап кайрылды.

Белгилүү болгондой, ал күнү дүкөнгө 18-22 жаштардагы азиат улутундагы жигит кирип, памперс сатып алмакчы болот. Сатуучуну алаксытуу максатында ал дүкөндүн кассасынан алыс жайгашкан памперстин түрүн айтат дагы, реализатор товарга жөнөгөн убакыттын ортосунда колун кассага сунуп, чоң өлчөмдөгү акчаны уурдап, чөнтөгүнө сала койгонго жетишкен. Мунун баары кадрга түшүп калган.

Сатуучу кыз маңдай тери менен эмгектенип, айлыкка иштейт. Андыктан аталган сумма ал үчүн чоң акча. Ошондуктан бул видеодогу жигитти кимде ким тааный турган болсо Жибек Жолу - Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Назар” дүкөнүнө кайрылуусун өтүнөт.  

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83