www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саймаитинин өлүмүн депутаттык комиссия иликтейт

Айдар Нуралиев 22-ноябрь 2019, 17:12

Кылмыш жана кырсык Дүйнө жүзүндө Саясат


Саймаитинин өлүмүн депутаттык комиссия иликтейт

Жогорку Кеңеште кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушталды. "Бир Бол" фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов фракциянын бул тууралуу чечими даяр экенин билдирди:

- Депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Бул жерде алаксытуучу маневр болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал ким менен жакын, ким менен душман болгонун иликтеш керек.

Саймаити боюнча комиссия түзүү зарыл экенин депутат Жанарбек Акаев да айтты:

- Азыр ар кайсы саясий күчтөр бул маселени биринен бирине оодарууга аракет кылганы туура эмес. Депутаттык комиссия иликтегенде "Азаттыкта" айтылган Кыргызстандан чыгарылган акчанын баарынын тарыхына биз сөзсүз кызыгышыбыз керек. Түркияда башкы консулубуз баш болуп Кыргызстандын атына чоң көлөкө түшүрдү. Элибиздин башы айланып калды, "Кыргызстанда соо саясатчы калдыбы?"деген суроо пайда болду.

Депугат Төрөбай Зулпукаров Саймаитинин өлүмүнөн кийин коомчулукта пайда болгон ар кандай жоромолдорду кимдир бирөөлөрдүн "алаксытуу тактикасы" - деп атады:

- Өлүмгө биздин тиешебиз жок. Укук коргоо органдары текшерет. Түркиянын полициясы өтө күчтүү иштейт.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай комиссия түзүүгө каршылыгы жок экенин, маселе добуш берүү аркылуу чечилерин билдирди.

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманкалардын биринин кафесинде атып кетишкен. Ал алган жараатынан улам оорукана каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар делген үч киши - сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер-Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адам «Кыргызстандын жарандары эмес» деп билдирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги "Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

"Азаттыктын" иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. Саймаитинин өлүмүнөн кийин ага жакындыгы бар адамдар Төрөбай Зулпукаров, Алтынбек Сулайманов, Раим Маграимов экендиктери коомчулукта ачык айтылууда. Ал эми бийликчил жазмакерлер, камакта жаткан экс-президент Атамбаевге да жармаштырууга аракет жасашты, бирок анысы суу кечкен жок. Анткени, командасы менен камакта жаткан адамды кандайдыр бир кылмышка каралоо таасир бербейт эмеспи, - деп жазып чыкты "Ачык саясат плюс" гезити.

Булак:NazarNews.kg

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83