www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев: "Бизге Орусиянын же батыштын саясатын колдоо ультиматуму коюлуп жаткандай"

Айдар Нуралиев 22-ноябрь 2019, 17:20

Саясат Маек Коом


Марлен Маматалиев: "Бизге Орусиянын же батыштын саясатын колдоо ультиматуму коюлуп жаткандай"

- Кыргызстанга автоунааларды киргизүүдө бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү суранычын ЕАЭБ четке какты, эми жаңы жылдан тарта баягы автоунаалардын баасы 5 эсеге кымбаттайт. ЕАЭБге кирип эмне пайда таптык?

- Кыргызстан ЕАЭБ эркин соода чөлкөмүнө киргенде, элге жалаң жакшы жактары айтылган. Эсиңиздерде болсо, күйүүчү май арзандай турганын, эгер биз ЕАБЭге кирбесек күйүүчү майга болгон баа көтөрүлөөрү айтылган. Экинчиден, четте иштеп жүргөн мигранттарга жеңилдиктер болоорун баса белгилешкен. Бирок, баары тескери болуп жаткандай. Жөнөкөй эле мисал, Кыргызстанга которулган акчаларга чектөө кирген. Бул алыста жүргөн мигранттарга эле эмес, тигүүчү цехин иштетип жан баккан ишкерлерге да кыйын болду.

Маселен, биз ЕАЭБге мүчө болордун алдында чечилбей жаткан маселелерди кабыргасынан коюп, ошол маселелерди чечип алуу үчүн атайын жеңилдиктерди алганбыз. Мына ошонун бири, сырттан ташылып автоунааларды киргизүүдөгү бажы төлөмдөр ошол эле баа менен киргизилмек. Тактап айтанда, биз ЕАЭБдин алкагында 2020-жылга чейин каникул алганбыз. Бирок, биздин Өкмөт мына ошол каникулду толук колдоно албай, эки жылдан кийин токтотуп койгон. Бир жыл текке кетти. 2018-жылы кайра ишке кирди. Көз ачып жумгуча 2020-жылы келип калды, эми баягы бир жыл каникулду узартууну суранышыбыз керек болуп турат.

Көпчүлүк ЕАЭБ Армениянын сунушун кабыл алып, Кыргызстанды четке какканын айтып жатышат. Анткени, Армения бизге окшоп экинчи жолу эмес, биринчи жолу сунуштап жатат. Бул жерде геосаясат да чоң роль ойнойт. Бүгүн бизге Орусиянын же болбосо Батыш мамлекеттеринин саясатын колдоо ультиматуму коюлуп жаткандай. Кыскасы, Кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарга барып, экономикалык минустан чыгуунун механизмдерин иштеп чыгуусу керек. Маселен, биздин дыйкан өндүргөн товарларын сыртка сата албай келишет.

Бирок, ЕАЭБдин алкагына эркин соода чөлкөмүнө киргенден кийин ар бир жаран өндүргөн товарын сыртка экспорттой алат. А булар болсо өздөрүнүн товарын сактап калуу үчүн сертификат деген нерсени киргизип коюшкан. Андай болсо биз дагы өзүбүздүн сертификатты киргизели. Ошол эле Орусия менен тең ата сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү. Бул жерде өкмөттүн чечкиндүү кадамдарга бара албай жатканы ачык эле көрүнүп турат. Бул өкмөттүн чабалдыгы, - деп билдирди депутат М.Маматалиев "Ачык саясат плюс" гезитине берген маегинде.

Булак:NazarNews.kg

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83