www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбай Бакир уулу: "Кайчы пикирлер болбош үчүн сот процесстери жабык эмес, ачык түрдө жүрүшү керек"

Айдар Нуралиев 22-ноябрь 2019, 17:34

Саясат Маек


Турсунбай Бакир уулу: "Кайчы пикирлер болбош үчүн сот процесстери жабык эмес, ачык түрдө жүрүшү керек"

-Турсунбай мырза, коррупция менен күрөштө кармалгандардын санына басым коюлуш керекпи же иштин сотко жеткенине маани беришибиз керекпи?

-УКМК башчысы ТИЗОдо камалгандар үчүн орун калган жок деп да айтып жиберди. Кеп камагандардын санында эмес, коррупцияга шектелип камалгандардын иштеринин канчасы сотко жетип, оң натыйжа бергенинде болушу керек. Маселен, уурдалган акчалар бюджетке кайттыбы?! Кылмышы далилденип канча коррупционер түрмөгө олтурду?! Коррулция менен күрөшүүнүн натыйжасы ушундай болуш керек.

-Турсунбай агай, парламенттик шайлоо жакындаган сайын шайлоо мыизамдарын өзгөртүүнү каалагандар четтен чыга баштады. Сиздин оюңузча депутаттарды кандай жол менен шайласак талапка жооп бергени депутат болот эле?

- Шайлоого босогосундагы чекти 9 пайыздан 3-5% түшүрүп, шайлоо күрөөсүн 0,5 - 1 млн сомго чейин азайтып, өлкөдөгү бардык саясий күчтөргө парламенттик шайлоого катышуусуна жол ачышыбыз керек. Ал эле эмес, референдум жолу менен Конституцияны 1993- жылдагы абалына алып келип, ага эки-үч эле өзгөртүү киргизүү керек. Ошол өзгөртүүнүн бири шайлоо системасын жаңы нукка бурган өзгөртүү болушу керек. Маселен, 100% партиялык тизме менен эмес, 50 пайызы мажоритардуу-пропорционалдуу система менен келе турган кылышыбыз керек. Ошондо гана жалаң эле акчанын күчү менен түзүлгөн миллионерлердин партиялары гана эмес, а идеясы, программасы бар чыныгы эл депутаттар бийликке келишине шарт түзүлмөк.

-ТЭЦ боюнча коррупциялык схеманы иштеткендер эмес, күнөөсү жоктор эле камакта отурат деген Елисеевдин пикирине ишенишибиз керекпи?

-Мындай кайчы пикирлер жок болушу үчүн сот процесстери жабык эмес, ачык түрдө жүрүшү керек. Ошондо гана чыныгы күнөөлүү аткаминерлер камалып жатабы же күнөөсүздөр камалып жатабы билинет эле. Тергөө амалдарга шектүүлөрдүн баары бирдей суракка алыныш керек. Ошондой эле ТИЗОдо кармалгандар соттон качпай, сотко барып ачыгын айтышса күнөөлүүлөр так айтылмак жана күнөөсүздөр бошомок, - деп билдирди депутат Турсунбай Бакир уулу "Ачык саясат плюс" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83