www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы заманда фэйктер элдик баатыр боло баштады!..

Бакыт Молдалиев 29-ноябрь 2019, 18:01

Саясат


Азыркы заманда фэйктер элдик баатыр боло баштады!..

Фейсбук социалдык байланыш тармагында "БеспределKG" деген баракча ачып, ар кимди каралап акча тапкан бала камакка алынды. Ал, баракчасында түрдүү ушактарды жарыялап, ал жерге элдин урушуп-талашына аянтча түзүп берчү. Такталбаган ушак жайгаштырып, ага пикир жазган интернет колдонуучулар урушуп талашып, түндүк-түштүккө бөлүнүп чырдашчу. Мына ушундай ырк бузаар, эл бузаар камалса, "Азаттык" радиосу "Райым Матраимовду сындаган блоггер камалды" десе, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү "Коррупция менен күрөшкөн баатыр" деп сүрөттөп жатышат.

Мындай пикирин Чолпон Байзакова аттуу интернетколдонуучу бүгүн, 29-ноябрда ошол эле соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

- "Азаттыктын" журналисттери ичи өтсө деле Райым деп мода кылып алышты окшойт. Ал эми бейөкмөт уюмдары болсо баатыр кылып салышты. Укмуштун төөсү жорго дегендей, азыркы заманда фэйктер баатыр болуп калган тура. Ушундай ушактардан тажадым, фейсбук жана интернет булактары аябай булганды. Жалаа жабуу, жаман кабарды жарышып жарыялоо модага айланды. Эмнеге жакшы кабар, жакшы жаңылык, элдин духун көтөргөн сөздөрдү жазбайсыңар? Ушундай жаман негативдерди жазып элдин жан дүйнөсүн булгап бүттүңөр. Бир кезде калыс, эл ишенип уккан "Азаттык" Матраимовду каралоо кампаниясына айланды. Жийиркеничтүү. Өздөрү ушак жазат, "калыстыктан тайдыңар" деп койгон кишини "сатылдыңар" деп айкырышат. Мен Раимиңерди дагы тааныбайм, ысык-суугу деле жок, болгону Раимди шылтоо кылып булар элди бөлүп-жарып, бузукулук кылып жатканы ачык эле байкалып калды, - деп жазат анда Чолпон Байзакова.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83