www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат

Айдар Нуралиев 29-ноябрь 2019, 21:15

Расмий кабарлар Саясат Дүйнө жүзүндө


Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда.

Ал белгилегендей, бизди дүйнөлүк рынок менен байланыштыруучу транспорттук-коммуникациялык тармакта ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү.

«Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Буга байланыштуу эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизге мүмкүн болгон бардык багыттардагы транспорт-транзиттик коридорлорду өнү ктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарыл», — деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.

Сооронбай Жээнбеков аймактагы оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртууну же тараптардын аймактары боюнча транзиттин тартибин жеңилдетүүнү сунуштады.

«Кыргызстанда жаңы жолдорду куруу, азыркы жолдордун сапатын жакшыртуунун эсебинен транзиттик потенциалды жогорулатуу актуалдуу. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 13 магистралдык автоунаа жолдорунда курулуш иштери жүрүүдө. Жол тармагындагы эң ири долбоор — бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Европа жана Азиянын ортосундагы өз ара байланыштыруучу көпүрө катары аймактын транзиттик дараметин сезилээрлик жакшыртат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83