www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асановдун аялын Аскер прокуратурасы суракка чакырды

Бакыт Молдалиев 30-ноябрь 2019, 09:40

Саясат


 Курсан Асановдун аялын Аскер прокуратурасы суракка чакырды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун аялын Аскер прокуратурасы чакырып, суракка алды. Бул тууралуу Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунованын маалыматына таянып, 24.kg сайты бүгүн, 30-ноябрда жазып чыкты.

Анда айтылгандай, Күльнара Үсөнканованы анын канча фирмасы бар экендиги, салыктарды кандай төлөп жаткандыгы, бизнесин күйөөсүнө каттатканбы, жокпу деген сыяктуу маалыматтарды алуу үчүн чакырган.  

«Анын көрсөтмөсү менин коргоочумдун (Курсан Асанов-ред.) ишине такыр тиешеси жок. Байкашымча тергөө Асановдон эч кандай иилинчек таппай жатат. Ошондуктан эми ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышы мүмкүн», - дейт анда Таалайгүл Токтакунова.

Эскерте кетсек, Асанов ушул жылдын 13-августунда "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

7-августта Кой-Таштагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы максатына жетпей, "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, операция кайрадан уланып, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүү жолу менен Атамбаевди багындырып алып чыккан.

Окуядан 5 күн өтпөй Асановду “министр Жунушалиев менен Атамбаевдин сүйлөшүүсүнө аралашып, пиар үчүн өз алдынча кызматтык этикага туура келбеген кадамга барды” деп кызматтан алган. Асанов, албетте, бул айыптоого макул эместигин билдирген.

Ал эми 14-августта Курсан Асановго “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деген далил менен кылмыш иши козголгону белгилүү болот. Ал эми сентябрдын этеги Асановго карата “атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындап алган” деген негизде дагы бир кылмыш ачылган.

Кийин, 27-августта Аскер прокуратурасы сотко Асановду шектүү катары билдирүү жөнөтүп, ошол эле күнү Биринчи Май райсоту Асановду 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган эле. Үй камагы мындан соң да узартылган.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83