www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Абылгазиев Кыргызстандагы алтындын “атасы” Скотт Перри менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Бакыт Молдалиев 30-ноябрь 2019, 13:00

Экономика Саясат


Өкмөт башчы Абылгазиев Кыргызстандагы алтындын “атасы” Скотт Перри менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушуп, Кумтөрдөгү алтындын айланасында пикир алышты. Бул тууралуу Өкмөттүн расмий сайты маалымат таратты.

Андагы маалыматка ылайык, жолугушууда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын, анын ичинде Стратегиялык келишимдин күчүнө киргенин эске алганда, Кумтөр ишканасынын ишине байланыштуу маселе, ошондой эле кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде 2018-жылдын 9 айында ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тоннаны түздү. Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Скотт Перри тараптардын ортосундагы байма-бай байланыш Кумтөр долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы кызматташтыктын натыйжалуулугун арттыраарын жана Кыргызстандын «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы акцияларынын пакетининин наркына, бүтүндөй эле компаниянын баасына оң таасир этерин белгилешип, Стратегиялык келишимди жүзөгө ашыруунун алкагында мындан аркы төлөмдөр маселеси боюнча пикир алмашышты.

Ошону менен бирге премьер-министр Centerra Gold Inc. президентинин алдында өз пикиринде өнөктөштүктү мындан ары карай өнүктүрүүнү эки жактуу колдоонун кошумча далили катары кызмат өтөйт деп эсептеген бир катар маселелерди белгилеп өттү.

Өз кезегинде Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кыргызалтын» ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

Мындан тышкары премьер-министр Рекультивациялоо боюнча трасттык фондду Кыргыз Республикасына көчүрүү маселесин кароо зарылдыгын баса белгиледи. Өкмөт зарыл делген кепилдиктерди берүүгө жана Фонддун каражаттарын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча бардык шарттарды ыкчам тартипте макулдашууга даяр. Мухаммедкалый Абылгазиевдин ою боюнча, кен жабылганга чейин бул каражаттарды Кыргызстанга жайгаштыруу жана ата мекендик чакан, орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу колдонуу максатка ылайык. Ал Өкмөт Кыргызстандын кен тармагында иштеп жаткан бардык компанияларга мындай ырааттуу мамилени жасоо ниети бар экенин баса белгиледи.

Скотт Перри «Centerra Gold Inc.» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөргөн маселелер жакынкы арада «Centerra Gold Inc.» компаниясынын Директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83