www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Алматыда «Эл башынан чириди» деген баннер илинди

Бакыт Молдалиев 02-декабрь 2019, 09:03

Видеолор Борбордук Азия жаңылыктары


ВИДЕО - Алматыда «Эл башынан чириди» деген баннер илинди

1-декабрда белгисиз адамдар Алматы шаарындагы көчөлөрдүн бирине «Ел басынан шіриді» (Эл башынан чириди) деген жазуусу бар баннер илип кетишти. Бул күн Казакстанда тунгуч президенттин күнү катары белгиленип, дем алыш деп жарыяланган.

Баннерди илүүгө эч ким жоопкерчилик алган жок, бирок оппозициялык топтордун бири Instagram баракчасына шаардагы адамдар өтчү көпүрөгө илинген жазуунун видеосун жарыялады.

2010-жылы казак парламенти Нурсултан Назарбаевге «Элбашы» деген наам ыйгарган. Бул макам менен Назарбаев жана анын үй-бүлөсү кол тийбестикке ээ болгон.

Оппозиция Нурсултан Назарбаевдин тушунда «жеке адамдын керт башына сыйынуу» көрүнүшү кеңири жайылган деп сындап келет.

Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Нурсултан Назарбаев президенттиктен 2019-жылы март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок, Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидерлигин сактап калган. Ал президенттиктен кеткенден кийин анын ордуна келген мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борбору Астана шаарын Нур-Султан деп атоо тууралуу буйрук чыгарган.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектөө укугун алган.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83