Бакыт Молдалиев 02-декабрь 2019, 09:28
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы "Кумтөр" кенине кетишти.
Өкмөт башчы "Кумтөр" кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Белгилүү болгондой, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери - бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер "Кумтөрдөгү" жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.
Окуянын себеби боюнча кошумча маалыматтар берилет.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!