www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата жөө жүрүш өткөрүлдү

Айдар Нуралиев 02-декабрь 2019, 10:01

Коом


СҮРӨТ - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата жөө жүрүш өткөрүлдү

2019-жылдын 26-ноябрынан 3-декабрына чейин графиктин негизинде  Майлуу-Суу ШИИБнин демилгеси менен шаар аймагындагы мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучуларды толеранттуулукка тарбиялоо максатындагы семинарлар уюштурулууда. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, аталган иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, шаардын имамы катышууда. Алар жаштарды мыкты билим алууга үндөшүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө келечекте салым кошууга чакырышууда. Мекенди сүйүп, ар кандай кырсык, кылмыштардан оолак болуу керектиги эскертилүүдө.

Ал эми 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Аксы РИИБи тарабынан мектеп окуучуларынын катышуусунда район борборунда жөө жүрүш өткөрүлдү. Анда жаш өспүрүмдөр СПИДке жана баңгизаттарына каршы жазылган плакаттарды колдоруна көтөрүп өтүштү. Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы менен биргеликте 9-11-класстын окуучуларына баңгизатынын зыяндуулугу боюнча атайын семинар уюштурулду. Сергек жашоого үндөгөн ден соолук бурчтары, дубал газеталары жасалып, окуучулар арасында конкурстар өткөрүлүп, театрлаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83