www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Жаманкулов музейдеги жылаңач аялдар, анда илинген түрсүк боюнча коомчулуктан кечирим сурады

Бакыт Молдалиев 02-декабрь 2019, 11:54

Коом Маданият


Министр Жаманкулов музейдеги жылаңач аялдар, анда илинген түрсүк боюнча коомчулуктан кечирим сурады

 

Бул тууралуу министр бүгүн, 2-декбарда аталган министрликте нааразычылык акциясына чыккандар менен болгон жолугушуусунда айтты.

28-ноябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде феминналдардын "Үйүндөгүлөрүн баккандар. Экономикалык эркиндик. Аялдар" аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылган. Анда 22 өлкөдөн келген 50дөн ашуун арт-чеберлер катышууда. Алгачкы эки күндө анда ар кандай чакырыктар жазылган аялдардын түрсүгү баш болгон ич кийимдер музей ичине илинген. Мындан сырткары даниялык Жулия Саверинин жыпжылаңач болуп музейдин ичинде басып жүргөн видеосу интернетке тарап, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан.

Мындан улам, бүгүн, 2-декабрда активист жарандар, аксакалдар топтолушуп, министрликтин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Аларды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып, алардын суроолоруна жооп берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83