www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө таандык кымбат унаалардын коллекциясы сатыкка чыгарылды

Айдар Нуралиев 02-декабрь 2019, 12:31

Дүйнө жүзүндө Коом


Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө таандык кымбат унаалардын коллекциясы сатыкка чыгарылды

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү кымбат-баалуу унаалардын коллекциясынын бир бөлүгүн сатат. Унаалар Нью-Йорк шаарында сатыкка чыгарылганын казак маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, сөз биринчи президенттин туң кызы — Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаевага таандык кымбат унаалардын коллекциясы тууралуу болуп жатат.

Унаалар сатыла турганы тууралуу маалымат «Guernsey’s» аукцион үйүнүн сайтында да пайда болуп, бирок кийинчерээк кайра өчүрүлдү. «Ferrari F40», «Ferrari Testarossa», «Bugatti Veyron», «Lamborghini Miura», «Lamborghini Murcielago», «Lamborghini Urus», «Koenigsegg Agera S», «Pagani Zonda» жана «Альфа Ромео 8С» үлгүсүндөгү унаалар сатылат деп болжолдонууда. Жалпы 13 млн долларга бааланган 9 уникалдуу унаа айтылган. Бул баштапкы гана баа.

Аукцион алгач декабрдын аягына пландалып, бирок иш-чараны 2020-жылдын биринчи кварталынын аягына жылдыруу чечими кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83