www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык спортчу кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Айдар Нуралиев 02-декабрь 2019, 14:57

Спорт Борбордук Азия жаңылыктары Коом


Кыргызстандык спортчу кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясы кабарлады.

Маалыматка  ылайык, аталган чемпионат 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Түркиянын Анталия шаарында өттү. Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейин салмакта күч сынашып, финалда түркмөнстандык Пыгы Сылабовду жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Аманбеков мелдешти чейрек финалдан баштап, биринчи мавританиялык Мишел Баулук Фабристи, жарым финалда марокколук Хая Аюбду жеңген.

Авазбек Аманбеков өткөн айда кикбоксингдин лоу-кик түрүнөн дүйнө чемпиондугун уткан. Ал ушул эле версияда 2013-жылы да алтын байге уткан. Андан сырткары Авазбек Аманбеков 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында да чемпион болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83