Айдар Нуралиев 02-декабрь 2019, 17:11
Казахстанда кичинекей кыз гүл сунуп, аны кызмат учурунда жылмаюу менен алып жаткан сүрөтү менен белгилүү болгон аскер кызматкери өз мекенинин алдында кызматын өтөп бүттү. . Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кызматынын акыркы күнү, Шамиль Мухидинов кызматты бирге өтөгөн аскерлерге жана баардык даражадагы командирлерине ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле кызматы аяктап жаткандыгы үчүн кайгырганын айткан. Мындан сырткары, ага гүл карматкан кичинекей кыз менен жолукту.
“Бир жыл ичинде көп нерселерди үйрөндүм, өзүмдүн сезимдеримди башкарууну жана жоопкерчиликти сезүүнү билдим”. Чындыгында аскерге келгенде, башында мага оор болгон. Азыр ошол күндөрдү жылмаюу менен эстейм. Бул жакта өткөргөн күндөр жашоомдогу унутулгус,эң жакшы күндөрдөн болду. Аскер жашоосун үйрөнүү менен чогуу келечекке карай максат койдум”- , дейт Шамиль Мухидинов.
Эми мындан ары Шамил өз элине, чоң атасы Мухидин, атасы Азат сыяктуу милициянын погонунда кызмат кылат.
Белгилей кетсек, Шамилге Ички иштер министрлиги тарабынан 10 күндүк кыска мөөнөттөгү эс алуу берилип,аскердик командирлер тарабынан «ефрейтор» наамы ыйгарылган.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!