Айдар Нуралиев 02-декабрь 2019, 17:41
Аламүдүн районунда адам өлтүргөн 4 жаш жигит изи сууй электе кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, төмөнкү Ала-Арча айылынынн тургунунан 29-ноябрь күнү кабар келип түшкөн. Ошол күнү 20:30дар чамасында азиат түспөлүндөгү 4 киши 46 жаштагы тургундун үйүнө медициналык бет кап менен кирип барып, өзүнө жана 19 жаштагы уулуна бычак менен жаракатташкан. Уулу алган жаракатынан улам Бишкек шаардык ооруканаларынын биринен өзүнө келбей көз жумган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон
Кылмышка шектүүлөр 30-ноябрь күнү изи сууй электе кармалышты. Шектүүлөр 19 жаштагы Б.С. жана М. Ж., 21 жаштагы Р.Б. , ошондой эле 18 жаштагы Ч. Ш. аттулар колго түшүшкөн. Алар Бишкек шаарынын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Аталган иш боюнча атайын экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүдүрүш иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!