www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда эл жолдорду тороп, нааразычылыкка чыгышты

Кызгалдак Жакыпова 03-декабрь 2019, 10:20

Дүйнө жүзүндө


Өзбекстанда эл жолдорду тороп, нааразычылыкка чыгышты

Өзбекстандагы Фергана облусунун Кувин районунда элдер газ менен жарык берилүүсүн талап кылып нааразылыкка чыгышып, жолдорду тосуп алышты. Бул тууралуу "CA-NEWS" порталы жазды.

Маалыматка ылайык, күбөлөр социалдык тармакта жолдор тосулуп, тыгындар жаралганын жазышууда. Бул билдирүүлөр тууралуу расмий органдар үн ката элек. Буга чейин, Андижан облусунда көгүлтүр от менен жарыктын жоктугунан улам топ болгон эл транспорттук жолду тороп алышкан. Дал ушундай эле нааразычылык акциялары бир күн мурда Сырдарыя облусу менен Каракалпакстанда да өткөн. Өзбекстанда суук башталгандан бери энергетикалык кризис уланып келет. Бир нече региондордогу тургундар социалдык тармактар аркылуу газ менен жарыктын жоктугуна нааразычылыгын билдирип келишет. Ташкентте да жеткирүү үзгүлтүккө учураганы айтылууда. 

Булак: Факты.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83