www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн депутаттар президенттин бир тууган агасын «суракка» алышат

Бакыт Молдалиев 03-декабрь 2019, 10:34

Саясат


Бүгүн депутаттар президенттин бир тууган агасын «суракка» алышат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 3-декабрда Кыргызстандын Казакстандагы жана Украинадагы элчилердин ишмердүүлүктөрүнүн отчетторун угат.

Казакстандагы элчи Жээнбек Кулубаев 2018-2019-жылдардагы элчиликтин жасаган иштери менен тааныштырса, Украинадагы элчи – президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов Украина менен биргеликте Молдавиядагы иштер тууралуу да депуттарга отчет бермекчи.

Эскерте кетсек, Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп былтыр, 2018-жылдын октябрь айында дайындалган. Ал ага чейин Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы элчилигин жетектеп жүргөн. Ал эми Жусупбек Жээнбеков мурунку президент Алмазбек Атамбаев жарлыгы менен 2017-жылдын ноябрь айында Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Шарипов бул кызматка дейре Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги, Марокко Королдугундагы, Иордания Хашимит Королдугундагы жана Бахрейн Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83