www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын нарк-насилин тепселеген Отунбаева экс-президент статусун алып жүргөнү туурабы?

Айдар Нуралиев 03-декабрь 2019, 11:48

Саясат


Кыргыздын нарк-насилин тепселеген Отунбаева экс-президент статусун алып жүргөнү туурабы?

Бүгүнкү күндө жалпы кыргызстандыктар экс-президент Роза Отунбаеванын акыркы жасаган кадамдарына бир жагынан таң калып, экинчи жагынан катуу нааразы болуп отурат. «Биз 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин 1,5 жыл өлкө тагдырын кимдин колуна карматып койдук эле?» деген суроо кабыргасынан коюлууда. Карышкырга кой кайтарткан эмес белек?

«Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде» деген ырас тура. Көрсө, биз ишенип, кадырлап сыйлап жүргөн экс-президентибиз Роза Отунбаева кыргыз элинин байыртадан келаткан каада-салт, үрп-адат, нарк-насилинин чыныгы душманы турбайбы. Ал сыртынан жалтырап жүргөнү менен ичинин баары «калтырак» экенин Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болуп өткөн жосунсуз жоруктан кийинки билдирүүсүнөн кийин гана билип жатпайлыбы.

«Искусство деген ар түрдүү болот, кээде ушундай жаңжалдуу болот» деп жатпайбы ал Музейдеги феминисттердин дырдай жылаңачтанып алып басканын. Эмне дырдай жылаңачтанып басса эле ал искусство болуп калабы? Анда күнүнө эле мончолордо «искусстволор» басып жүргөн турбайбы ээ?  Деги качан кыргыздын кызы, аялзаты энеден туума жылаңачтанып эл алдына чыгып жүрдү эле? Качан биз мындай көрүнүштү искусство деп санадык эле? Адам баласы адеп жер бетине жаңыдан жаралып баштаганда кийим деген түшүнүк жок эле. Анан адам баласы акырындык менен акылын иштетип, өз денесин жаап жүрүү үчүн кийим-кечектерди ойлоп тапкан. Бул эми жалаң эле кийим-кечекке тиешелүү эмес. Жер бетиндеги Жараткан Кудай берген баардык колдонууга мүмкүн болгон заттарды адам баласы өзүнө баш ийдирди. Кышта жылуу, жайда жеңил кийингенди үйрөндү.

Тамакты бышырып жегенди үйрөндү. Денесин жаап жүрүү (кийим менен) ыймандуулуктун белгиси экенин билди. Ошентип жер бетинде адам баласы жаңыдан пайда болгон кезде дырдай жылыңач болсо, жүздөгөн кылымдар өтүп, адам баласы маданияттуулуктун туу чокусуна жетип, жарашыктуу кийинүүнү да өздөштүрдү. Анан ошол бийик маданияттуулукка жеткенден кийин кайрадан дырдай жылаңачтанууну искусство катары көрсөткүлөрү келип жаткандарды кандай түшүнөбүз? Ошондо жер каймактаганда жаралган адамдардын баары искусство өкүлдөрү беле? Тескерисинче, маданияттуулукту чанып, жапайычылыкка карай бет алуу эмеспи?

Анан дагы кыргыз эли кылымдарды карыткан тарыхында аялзатынын дене боюна жарашыктуу эң кооз кийимдери болгон. Өспүрүм кыз, бойго жеткен кыз, күйөөгө тийген кыздардын, энелердин өздөрүнүн жаш курактарына жараша баш кийимдери болгон. Узун көйнөктөрдү кийишкен. Улуунун улуудай, кичүүнүн кичүүдөй бири-бирине сый-урматы болгон. Качан кыргыздын аялдары кайын журтунун алдына «бул искусство» деп жылаңачтанып барды эле? Же Роза Исаковна ошенткенби?

Мына ушунун баарын билип туруп, Отунбаева батыштын сасык саясатын кыргыздарга таңуулоодо. Башкадан күтсөк да, биз Отунбаевадан муну күткөн эмес элек. Эми ал «экс-президент» деген статусту алып жүрүүгө татыксыз. Бул статусун өткөзүп берип, мамлекеттен алып жаткан 100 миң сом пенсиясынан баш тартышы зарыл. Кыргыз эли батыштын кызыкчылыгын козгоп, өз элинин каада-салтына каршы чыккан адамга пенсия төлөп отурууга милдеттүү эмес. Ал эми пенсияны батыштан алсын.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83