www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттык кресло көзүнөн учкан Ширин Айтматова кимдин колундагы марионетка?

Айдар Нуралиев 03-декабрь 2019, 11:49

Саясат


Депутаттык кресло көзүнөн учкан Ширин Айтматова кимдин колундагы марионетка?

Бүткүл дүйнө урматтап, сыйлаган, кадырлап барктаган, талантына таазим эткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кадырына өз кызы Ширин Айтматова эч качан жете алган эмес. Кылыктанган кыз кезиндеги терс жүрүм-турумуна Чыңгыз агабыз ичтен сызып, бирок өз кызын кыя албай, баарын кечирип келген экен. Генийлердин балдарында табигат эс алат дегендей, бир жолу депутат болуп туруп, кыйратпаган Ширин Айтматова кайрадан парламентке келүүгө эмне эле мынчалык ашыгып жатат? Өткөн парламенттик шайлоого акчам жок деп келе албай калган.

Бул жолу чет элдик спонсорлорду тапкан Ширин алардын колундагы марионетка болуп, оозуна салып бергенди сүйлөп, батыштын атайын кызматтарынын чоң долбоорунун бир бөлүгү болууга макул болуп жатат. “Үмүт-2020” деген кыймыл аркылуу кыргыздын кең пейил, карапайым элинин башын айландырууга аракеттенген Шириндин кожоюндары (анткени кыргыздар Чыңгыз атабызды сыйлап, бала-чакасы, небере-чөбөрөсүнө чейин жакшы мамиле кылып келгенбиз) чоң геосаясий оюндарды жүргүзүп жатканын жеңил ойлуу Айтматова түшүнүп жатты болду бекен? Же мээси жетпей жатабы? Же түшүнсө да, депутаттык кресло андан таттуу болуудабы? Кандай болгон күндө дагы, Ширин Айтматова жана чет өлкөнүн кыйрагыч тарбиясына ууланган жаштар катышкан акыркы митинг Украинадагы 2013-2014-жылдагы “Евромайданга” окшошуп жатканын байкоочулар айтып жатышат.

Анда дагы митингди уюштуруу “Фейсбук” жана “Инстаграм” аркылуу жүргүзүлүп, көбүнчө батышчыл жаштарга басым жасалган. Ал эми “Азаттыктын” жаштарды көтөрүлүшкө чыгарууну максат кылган иликтөөсү геосаясий мүнөзгө ээ болуп калды, анткени Кыргызстандын гана эмес, ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөрдү жана коңшу Кытайдын да кызыкчылыктарына тийиштүү. Мунун артында АКШнын Мамдепартаментинин ЕАЭБдин алкагындагы интеграцияны жокко чыгаруу жана алдыдагы парламенттик шайлоодо батышчыл партиялар менен саясатчылардын жеңишин камсыздоо максаты жатышы ыктымал. Бийлик мындай иштерди жана пландарды алдын алып, коомчулуктагы нааразычылыктарды жоюуга болгон куч аракетин жумшап, коомчулук, эл дагы кайдыгер карап турбашы керек.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83