www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош, Жалал-Абад аймактарында 5 пачка жасалма 2000 сомдук купюралар тараганы айтылууда

Бакыт Молдалиев 03-декабрь 2019, 12:06

Кылмыш жана кырсык Коом


Ош, Жалал-Абад аймактарында 5 пачка жасалма 2000 сомдук купюралар тараганы айтылууда

Бул тууралуу маалыматты камтыган телефонограмма «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы директору Дурусбек Рахмановдун коюлган колу менен интернетке тарады.

Анда ал «Жалалабатэлектрого» караштуу баардык жетекчилерге Токтогул районуна 29-ноябрь күнү 5 пачка 2000 сомдук жасалма купюра акчалар таркатылганын, учурда ал акчалар Ош, Жалал-Абад областынын райондоруна тарап жатканын айтып, 2000 сомдук купюраны аларда кылдаттык менен текшерип алуусун эскертип жазат.

«Оперативдик маалымат боюнча 2019-жылдын 29-ноябрь күнү Жалал-Абад областынын Токтогул районуна 5 (беш) пачка 2000 (эки миң) сомдук банкоматы фальшивомонетчиктер тарабынан жасалмаланып таркатылып жиберген, азыркы учурда 2000 сомдук купюралар Ош жана Жалал-Абад областынын башка райондоруна тарап кеткендиги тууралуу маалымат түштү.

Ошол себептен баардык жетекчилер, кол астыңыздарда иштеген кызматкерлерге эскертип, 2000 (эки миң) сомдук купюраны алардан мурун өтө кылдаттык менен текшерип алууну сураймын», - деп жазылат анда.

Бул боюнча Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Жээнтаевге кайрылсак, ал аталган маалыматты текшерип жатышканын, бүгүн, 3-декабрда түштөн кийин расмий билдирүү жасашаарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83