www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксынын борбору Кербендеги таза суу долбоору үчүн 6,5 млн евро берилет

Бакыт Молдалиев 03-декабрь 2019, 19:27

Коом


Аксынын борбору Кербендеги таза суу долбоору үчүн 6,5 млн евро берилет

“Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана калыбына келтирүү” долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл.

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана Инвестициялык гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 6,5 млн евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 2,5 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 4 млн евросу грант болуп саналат.

Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен 27620 адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан республикабыздын суу секторунун өнүгүүсүнө багытталат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83