Бакыт Молдалиев 03-декабрь 2019, 19:14
Башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан “NewTV” телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков менен оператор Калыбек Абдумомутовго, айдоочу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду. Алар Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен мыйзамсыз орнотулган объектилерди тартуу үчүн барышкан.
Мыйзамсыз жайдын ээси алардын колундагы камерасын талкалап, автоунаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Маалыматтарга ылайык, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен “Тазалык” муниципалдык ишканасы "Ак-Ордо" конушундагы мыйзамсыз курулган автоунаанын майын алмаштыруучу жайды түрттүрүү үчүн барышкан.
Учурда укук коргоо органдары тарабынан журналисттерге кол салуу боюнча териштирүү иштери башталды.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!