www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Гүлжигит Сатыбеков, Бишкекте 2-3–майда өзүнүн өзгөчө жеке концертин өткөрөт

Гүлжан Шерипбаева 30-апрель 2017, 16:45

Маданият


ВИДЕО - Гүлжигит Сатыбеков, Бишкекте 2-3–майда өзүнүн өзгөчө жеке концертин өткөрөт

Кыргыз элинин арасында чоң колдоо тапкан, анча-мынча сын-пикирге тепсе термелбеген, элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп келе жаткан, кайгылуу ырларды жеткире ырдаган Гүлжигит Сатыбеков, борборубуз Бишкекте 2-3-майда Кожомкул атындагы спорт сарайында өзүнүн өзгөчө жеке чоң концертин тартуулайт.

Гүлжигит Сатыбековдун “Жаңы ырлардын жыйнагы” аттуу концертинде жаңы обондуу ырлары ырдалып, акыркы чыгармалары сахнада жаңырат. Бирде кайгырып, бирде терең ойго чөмүлүп ырдап, бирде залды шаңга бөлөгөн ырчынын концертин куудулдар коштойт.

Эске сала кетсек, Гүлжигит Сатыбековдун сахнага кадам таштаганына 10 жылдын жүзү болуп калды. Ырчынын атына даңк алып келген алгачкы чыгармаларынын бири “Коштошуу” деген муңдуу ыры болуп саналат. Аталган ырчынын учурда 80 ден ашуун ырлары бар. Ушул тапта ырчынын айрым ырлары которулуп казак жана өзбек тилинде ырдалууда. Башка ырчылардан айрымачылыгы ырларынын сөзү жана обонун өзү жазат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83