www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Текебаевдин абалы менен таанышып чыкты

Айдар Нуралиев 30-апрель 2017, 17:22

Саясат


Акыйкатчы Текебаевдин абалы менен таанышып чыкты

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун абалы жана алар кармалып турган камералардын шарты менен таанышып чыкты. Өмүрбек Текебаев башкы укук коргоочуга аны кармоо шарты боюнча доомат-даты жоктугун, тамак-аш, медициналык кароо менен камсыздалып жатканын, күн сайын таза абага чыгып, сейилдээрин билдирди. Башкы социалисттин камерасында муздаткыч, электр чайнек, жууркан-төшөгү, китептери жана тамак-аш ысыта турган электр меши бар. Текебаевдин айтымында, ага адвокаты келип-кетип жатат, учурда болсо тергөө иштери жүрүүдө. Андан кийин Кубат Оторбаев Дүйшөн Чотонов менен жолукту, ал дагы кармоо шарты боюнча эч кандай доомат-арызы жоктугун билдирди.

Булак: "Фабула"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83