www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн - Акматбек Келдибеков: “Кыргызстан үчүн чоң жоготуу, орду толгус кайгы, 24 боордошубузду жоготуп, каңырыгыбыз түтөп турат”

Гүлжан Шерипбаева 01-май 2017, 02:04

Саясат


Өзгөн - Акматбек Келдибеков: “Кыргызстан үчүн чоң жоготуу, орду толгус кайгы, 24 боордошубузду жоготуп, каңырыгыбыз түтөп турат”

Бүгүн, 30-апрелде,  экс-спикер Акматбек Келдибеков Өзгөн районундагы Аюу айылына барып, эл менен жолугуп, көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

“Эми туугандарым, бу жерге биз саясат үчүн келген жокпуз, жакынын жоготкондорго көңүл айтып, жардам берели деп келдик. Андыктан суроо берип, ага жооп ала турган убак эместигин эске алып, туура түшүнүңүздөр! Жер алдында калгандарды таба турган  мезгил. Жакынын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңарды тең бөлүшөм. Жаныңарга жөлөк бололу деп келдик. Бир адам кырсыктан жабыркаса, аябай жаман болосуң. Бу жерде 24 боордошубузду жоготуп, каңырыгыбыз түтөп турат. Бул Кыргызстан үчүн чоң жоготуу, орду толгус кайгы. Ошондуктан баарыбыз жапа тырмак киришип, колдон келген жардамыбызды беришибиз керек. Мына, Адахан Кимсанбаевич, Камчыбек Кыдыршаевич, Элмурза Ракиевич болуп, колдон келген кызматты кылып, үнүбүз жеткен жерге айталы деп келдик. Анан кээ бирөөлөр аны-муну сүйлөп коюуда, ага капа болбогула! Анткени, ар ким деңгээлине жараша сүйлөйт. Туугандарым, колдон келген жардамды аябайбыз! Кайрат кылыңыздар! - деди эл менен жолугушууда мурдагы ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков.

 Булак: NazarNews


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83