www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда студенттерди «Нур Отан» партиясына кирүүгө мажбурлашууда

Перизат Кутманалиева 08-май 2017, 17:25

Коом Дүйнө жүзүндө Борбордук Азия жаңылыктары


Казакстанда студенттерди «Нур Отан» партиясына кирүүгө мажбурлашууда

Алматыдагы Казак улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүлөрү окуу жайдан аларды президенттик «Нур Отан» партиясы үчүн акча чогултууга, айрымдарын партияга кирүүгө мажбурлап жатышканын билдиришүүдө.

Университеттин атын атагысы келбеген төртүнчү курсунун студенти президенттик «Нур Отан» партиясы үчүн 300 тенге бергинин билдирди. Айтымында, деканаттын өкүлдөрү акча бербегендер диплом жактоого киргизилбейт деп опузалашкан.

Ошол эле окуу жайдын дагы бир студенти аны мурда эле «Нур Отан» партиясына мүчө кылып койгондуктарын айтты.

Казак улуттук агрардык университетиндеги «Нур Отан» партиясынын өкүлү Тимур Сейилханов студенттер мамлекеттин саясатына ыраазы экендигин белгиледи. «Биз эч кимди мажбурлаган жокпуз. Партияга кирүүнү каалагандар өздөрү келип форманы толтуруп кетип жатышат. Биз ал формаларды текшерип чыгабыз, анткени партиянын катарына баарын эле кабыл ала бербейбиз. Билимдүү, зээндүү жана туура көз караштагы жарандарды гана тандап алабыз», - деди Сейилханов.

Окуу жайдын окуу жана окуу-методикалык иштер боюнча проректорунун милдетин аткаруучу Бахыт Халыкова студенттердин даттануусу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын айтты. «Бул жөнүндө мен Instagram түйүнүнөн окудум. Студенттерди биз мажбурлаган жокпуз. Ар бир адамдын өз тандоосу бар. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Булак:"centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83