Махабат Алымбекова 16-май 2017, 11:48
Фермер жаңы туулган козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге окшош экенин айтып берди.
Малайзияда Фельда шаарчасындагы фермалардын биринде адам келбеттүү козу туулду. Бул тууралуу Улуу Британиянын Тhe Mirror басылмасы жазып чыкты Ибрахим Басир аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн сарайынан көргөн козунун сүрөтүн социалдык тармакка жарыялаган.
Анын айтымында, козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге көбүрөөк окшош.
"Мен абдан таң калып жатам. Мен адамдын мурду менен кыска буттарын көрдүм. Мунун бардыгы жүндүү наристени элестетет", — деп билдирет 63 жаштагы фермер. Уникалдуу козу болгону эки саат жашаган. Сүрөт социалдык тармактарга жарыялангандан кийин козунун денесин сатып алууну каалагандардын саны арбыган. Бирок фермер адистердин изилдөөсүнө берүүнү туура көрүп, Ветеринария кызматына өткөрүп берген.
Булак: sputnik.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!
Бул окуя мурда эле болсо керек
Ото. Коркунучту
Таң калычтуу...