www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев: Венгриядагы гранттык окууга ЖК, өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кетти

Махабат Алымбекова 18-май 2017, 11:14

Коом


Акаев: Венгриядагы гранттык окууга ЖК, өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кетти

КСДП фракциясынын депутаты жөнөкөй окуучулардын документтери табышмактуу түрдө жөнөтүлбөй калгандыгын баса белгиледи.

Венгрия сунуштаган гранттык орундарга жалаң Жогорку Кеңеш менен өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кеткен. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. Эл өкүлү жөнөкөй окуучулардын документтери табышмактуу түрдө жөнөтүлбөй калгандыгын баса белгиледи. "Венгрия менен 25 студентти акысыз окутуу боюнча грантка кол коюлган. Бирок тандоо учурунда арыз берген 100дөгөн балдардын документтери жиберилген эмес. Алардын ордуна Билим берүү министрлиги өкмөттө, ЖКда иштегендердин балдарынан турган тизмени жөнөтүшкөн", — деди депутат. Акаев асмандан түшкөн грант менен окуйм деп барган чоңдордун балдары өлкөнү уят кылган учурлар көп экенин айтып, билимге суусаган жаштардын жолун тосуу туура эмес экенин кошумчалады.
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83