www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алия Шагиева: "Апам көз айнек тагынып алып дагы деле базар аралайт"

Махабат Алымбекова 22-май 2017, 14:44

Коом


Алия Шагиева: "Апам көз айнек тагынып алып дагы деле базар аралайт"

Өлкө башчынын кызы аны сарамжалдуу болууга тарбиялаган апасынын эмгегин айтып өткөн.  Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасына акча үнөмдөөнү апасынан үйрөнгөнүн жазып чыкты. Өлкө башчынын кызы өз постуна жакында эле болуп өткөн окуяны баяндап берген. Анда индустардын дүкөнүнө кирген Алия чүпүрөктөн тигилген 950 сомдук сумканы жактырып, сатып алгысы келсе да олку-солку болгон ирмем чагылдырылган. "Жолдошум көпчүлүк кыздар миң долларлык сумкаларды деле эч ойлонбой көтөрүп жүрүшкөнүн айтып калды. Чын эле деп ойлонуп туруп калдым. Көрсө, каражат үнөмдөө менин сараңдыгым эмес, апамдан алган тарбияма байланыштуу экен", — деди Шагиева. Анын айтымына караганда, Кыргызстандын биринчи айымы азыр деле көз айнек тагынып, базар кыдырып кетмей жайы бар.

"Эсимде, кичине кезимде апам дүкөндөрдө 70 пайыз арзандатуу болгондо гана байкем экөөбүздү алып барчу. Калган күндөрү "Дордойго" барчубуз. Апам азыр деле элдин көңүлүн өзүнө бурбаш үчүн кара көз айнек тагынып алып базарга жөнөп кетет. Апам бизди жөнөкөйлүккө үйрөткөндүгү үчүн ыраазымын", — деди Шагиева. Ал ошондой эле көчөдө жүргөн кезинде бейтааныш жигит аны сүрөткө тартып алып, иренжиткенин кошумчалаган. Алиянын айтымында, сүрөттөр бир нече күндөн кийин маалымат каражаттарына жарыяланып кеткен.  

Булак: sputnik.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83